• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түз эфир: Депутаттар жыйынга чогулду

9 Жалган куран 2022 10:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму өтүп жатат.

Маалыматка ылайык, жыйында 5 маселе каралат.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 04.05.21деги № 199 токтом) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

2. “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир.№ 6-13654/21, 01.10.2021-ж.) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

3. “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир.№ 6-13655/21, 01.10.2021-ж.) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

4. “Жол фонду жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (мыйзам долбоорунун демилгечилери – VI чакырылышынын депутаттары Алимбеков Н.К., Ормонов У.З., Карашев А.А., Жапаров А.Ү., Анарбаев С.С.) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет);

5. “Жол тармагынын иштөөсүнүн каржылык негиздерин бекемдөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (мыйзам долбоорунун демилгечилери – VI чакырылышынын депутаттары Алимбеков Н.К., Ормонов У.З., Карашев А.А., Жапаров А.Ү., Анарбаев С.С.) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет).

Количество просмотров: 106