• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Түз эфир: Финансы министри Жеенбаеванын катышуусунда онлайн пресс-конференция

27 Жалган куран 2020 15:22 Бишкек Govori.TV

Опубликовано Кыргыз Өкмөтү Пятница, 27 марта 2020 г.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Эл аралык валюта фондунун бюджетти колдоого 120 млн долларды жеңилдетилген насыяга бергени үчүн ыраазычылык билдирди

Эл аралык валюта фондунун аткаруучу кеңеши 80,6 млн АКШ долларына эквиваленттүү өзгөчө жардам механизми жана 40,3 млн АКШ долларына барабар ыкчам насыя берүү алкагындагы төлөм боюнча Кыргыз Республикасынын суроосун жактырды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева брифингде билдирди.

Төлөм балансынын кечиктирилгис муктаждыгын чечүү үчүн бул сумма 120,9 миллион АКШ долларын түзөт.

«Бул ЭВФтин COVID-19 пандемиясы башталашына байланыштуу жардам берүүнүн алкагындагы биринчи кечиктирилгис насыясы. Биз кредитти биринчилерден болуп алдык, кыргыз тараптын суроосуна ыкчам реакция кылган ЭВФтин командасына жардам үчүн ыраазычылык билдиргибиз келет. Жеңилдетилген шартта берилген бул насыя өлкө бюджетин колдоого жумшаларын өзгөчө белгилеп кетүү керек. Пандемия биздин өлкөнүн макро жана микроэкономикалык келечегени алсыратканын, төлөм балансындагы ажырымды көрсөткөнүн баарыбыз жакшы түшүнүп турабыз. Бул үзгүлтүк учурда 400 млн долларга бааланууда», — деди министр.

Анын маалыматы боюнча, ЭВФ тарабынан бөлүнгөн ресурстар биринчи кезекте бюджетти колдоого көмөктөшүп, өлкөнүн милдеттенмелерин аткаруу мүмкүндүгүн арттырып, пандемия шарттаган экономикалык кесепеттерди азайтат, жакынкы келечекте экономиканын өнүгүшүнө ишенимди өстүрөт.

«Мен Эл аралык валюта фонду эл аралык финансы институттары тарабынан башка донордук жардамдарга мотивация берип, өбөлгөлөө үчүн катализатор катары кызмат өтөрүн белгилей кетким келет», — деди министр.
Бактыгүл Жээнбаева Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан айлык акы, жөлөкпул, пенсиялар жана бюджеттин чыгымдарынын башка корголгон беренелери боюнча төлөмдөр аткарылып жатканын кошумчалады. Милдеттенмелерди өз убагында жана толук көлөмдө ишке ашыруу үчүн мындан ары да бардык күч-аракеттер жумшалат.

Количество просмотров: 52