• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Боронов 2-6-класстардын мектептерде окуу шартын айтты

1 Тогуздун айы 2020 16:03 Бишкек Govori.TV

Мектепте окуу процессин жандандыруу – өкмөттүн көңүл чордонундагы иш. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов бүгүнкү брифингде билдирди.

Анын айтымында, мектептерде бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелер так сактылышы керек. Коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн окуучулар жана мугалимдер беткап тагынып, мектептер тазалоочу каражаттар менен камсыз болушу, аралыктын сакталышы шарт.

«Кечээ республикалык штабда бул маселе каралып, штабдын мүчөлөрүнүн чечими менен окуу процессин жандандырууга уруксат берилди. Бирок анын көңүл бура турган бир катар шарттарына токтолуп кетейин. Буга чейин белгиленген алгоритмдин негизинде окуп жаткан. Ошондуктан азыркы чечим менен 2-6-класстарга тиешелүү. Алар үчүн окуу башталат. Калган класстар азырынча онлайн режимде окуп турушат», — деп билдирди өкмөт башчы.

Количество просмотров: 130