Бүгүн, 4-октябрда «Ош базарынын» айрым сатуучулары мэриянын алдында митингге чыгышты. Нааразы болгондор шаар бийлигин базар сыртындагы жайма базарга чара көрүүнү талап кылышты. Алардын жүйөсүнө ылайык, көчөдөгү жайма базардын кесепетинен базарда соода ордуна акы төлөп, салык төгүп отурган соодагерлердин товарлары өтпөй турат.