• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түз эфир: Парламент жыйынга чогулду

6 Чын куран 2022 10:22 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңешинин кезектеги отуруму өтүп жатат.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. “2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (“Жашыл шаарлар 2, Терезе 2” алкактык программасынын “Бишкек автобустары” долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (“Жашыл шаарлар 2, Терезе 2” алкактык программасынын “Бишкек автобустары” долбоору) ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 28.01.22деги № 39 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет караган);

2. “2021-жылдын 20-июлунда Москва шаарында кол коюлган, 2011-жылдын 19-декабрындагы Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана/же акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 11.02.22деги № 68 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет караган);

3. “2021-жылдын 20-июлунда Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирликтин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана/же акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү маалымат алмашуу боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 28.01.22деги № 40 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет караган);

4. “2021-жылдын 8-февралында Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 07.02.22деги № 64 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет караган);

5. “2021-жылдын 5-августунда Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык комиссиясынын кадрдык курамын түзүү механизмин тактоо бөлүгүндө 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 28.01.22деги № 31 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет караган);

6. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет караган);

7. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 28.01.22деги № 36 токтом) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган);

8. “Жол фонду жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (мыйзам долбоорунун демилгечилери – VI чакырылышынын депутаттары Алимбеков Н.К., Ормонов У.З., Карашев А.А., Жапаров А.Ү., Анарбаев С.С.) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет караган);

9. “Жол тармагынын иштөөсүнүн каржылык негиздерин бекемдөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (мыйзам долбоорунун демилгечилери – VI чакырылышынын депутаттары Алимбеков Н.К., Ормонов У.З., Карашев А.А., Жапаров А.Ү., Анарбаев С.С.) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет караган);

10. “Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 24.08.20дагы № 436 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет караган);

11. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Эшимов Акылбек Жусуповичти ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет караган);

12. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-жылга тышкы аудиторун тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын талапкерлигин бекитүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган);

13. 2021-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчету (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет караган).

Количество просмотров: 84