• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түз эфир: Парламент жыйынга чогулду

10 Жетинин айы 2021 10:18 Бишкек Govori.TV

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Нурбек Сапарбекович Исмаиловдун ант берүүсү;

2. “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 17.02.21деги № 48 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 23-июнундагы № 4682-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Баалоо иши жөнүндө” Мыйзамдын макулдашылган варианты (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

4. “2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төгүмдөрүнүн өлчөмү боюнча Протоколду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир. № 6-15371/21) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет, Бюджет жана финансы боюнча комитет).

Количество просмотров: 126