• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Түз эфир: Парламенттин кезектеги жыйыны

20 Чын куран 2022 10:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму өтүп жатат.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. “2021-жылдын 20-июлунда Москва шаарында кол коюлган, 2011-жылдын 19-декабрындагы Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана/же акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 11.02.22деги № 68 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);

2. “2021-жылдын 20-июлунда Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирликтин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана/же акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү маалымат алмашуу боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 28.01.22деги № 40 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);

3. “2021-жылдын 8-февралында Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 07.02.22деги № 64 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);

4. “2021-жылдын 5-августунда Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык комиссиясынын кадрдык курамын түзүү механизмин тактоо бөлүгүндө 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 28.01.22деги № 31 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);

5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);

6. “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 10.12.21деги № 303 токтом) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

7. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 28.01.22деги № 37 токтом) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

8. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Атаандаштык жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 07.02.22деги № 63 токтом) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

9. “Кыргыз Республикасынын 2020-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 26.05.21деги чыг. № 24-15545) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет).

Количество просмотров: 53