• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Түз эфир: Түндүк — Түштүк жолун текшерүү үчүн тузүлгөн депутаттык комиссиянын отуруму

14 Кулжа 2021 16:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-июнда Түндүк — Түштүк альтернативалык жолунун курулушуна байланыштуу иштерди иликтөө боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын отуруму өтүп жатат.

Аталган комиссияны түзүү боюнча «Ата Мекен» фракциясы демилге көтөрүп, 3-июнда, парламенттин кароосуна алып чыкты. Натыйжада 91 депутат «макул», бешөө «каршы» деген добуштарын берген.

Комиссиянын курамына 12 депутат кирген:

  • КСДП фракциясы — Саматбек Ибраев, Максатбек Эгембердиев;
  • «Республика-Ата-Журт» — Марлен маматалиев, Акыл Кемелов;
  • «Кыргызстан» — Султанбек Анарбаев, Улугбек Садиков;
  • «Өнүгүү-Прогресс» — Уланбек Исмаилов, Мейкинбек Абдалиев;
  • «Бир бол» — Аманкул Токтомамбетов, Нурбек Мурашев;
  • «Ата Мекен» — Бурун Аманова, Шералы Абдылдаев.
Количество просмотров: 137