Бүгүн, 16-февралда «Кабар» агенттигинде жалпы республикалык тестирлөөгө даярдыктар тууралуу маалымат жыйын өтүүдө. Маалымат жыйында Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү катышып жатат.
Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиевдин айтымында жалпы республикалык тестирлөөгө 2022-жылы окуусун бүтүргөн окуучулар жана буга чейин окуусун бүткөн бутүрүүчүлөр өз каалоосу менен катыша алышат.