• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Билим берүү министрлигине сын айтып жаткан Көкүлөв вице-спикер менен айтыша кетти

11 Кулжа 202517:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында «2025-жылдын 22-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Кыргыз Республикасындагы бардык балдар үчүн инклюзивдик окутуунун мүмкүнчүлүктөрүнө жеткиликтүүлүктү жана анын сапатын жакшыртуу боюнча ИӨБ/ИӨТФ/БМГӨ Smart-Ed биргелешкен долбоору» боюнча макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоору менен Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова тааныштырды.

Ал инклюзивдик сапаттуу билим берүүнүн инфраструктурасына жеткиликтүүлүктү жакшыртууга, инклюзивдик билим берүүнү киргизүү үчүн системанын потенциалын бекемдөөгө, мугалимдерди даярдоого жана кайра даярдоого жана аларды жеке ноутбуктар менен камсыздоого, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы бардык балдар үчүн инклюзивдик окутуу мүмкүнчүлүктөрүнө жана анын сапатына жетүүнү жакшыртуу максатында улуттук компоненттин окуу-методикалык комплекстерин жаңылоого жана аларды нускалоого багытталган.

Долбоордун жалпы суммасы 25,25 млн АКШ долларын түзөт, пайыздык чен — 1,5 %, каржылоо мөөнөтү 25 жыл, анын ичинен 7 жыл жеңилдетилген мезгил.

Жыйында кесиптештеринин суроо-жоопту токтотуу сунушуна нааразы болгон депутат Эрулан Көкүлов сөз алып министрликтин дарегине сын айтты. Ал Билим берүү министрлигин алган насыялар жана гранттар кайда кетип жатканы боюнча суроо салды.

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев Надир Жусупбековага кат жүзүндө жооп берүүнү суранып депутатка азыр жооп берүүнүн кажети жок экенин айтты.

Количество просмотров: 284