• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Түз эфир: Жапаров ККМге каршы митингге чогулгандарга чыкты

13 Кулжа 2022 12:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кассалык машиналарды милдеттүү түрдө колдонууга каршы чыккан соодагерлерге жооп берүү үчүн чыкты.

Белгилей кетсек, Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдында соодагерлер кассалык аппараттарды милдеттүү түрдө орнотууга каршы тынчтык митингге чыгышты. Топтолгондор кассалык аппаратты орнотуу талабын жокко чыгаруу менен бирге, эсеп-фактураны тапшырууну да жокко чыгарып, патентке өкөрүүнү талап кылышууда.

Митингге 100 гө чукул адам чогулган. Акциянын катышуучулары Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун өзү чыгып, алардын суроо-талаптарына жооп берүүсун талап кылышкан.

Количество просмотров: 237