• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Соцтармакта Жапаров менен Алиевдин айтышы орун алды

3 Аяк оона 202514:28 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев менен мурдагы премьер-министр Акылбек Жапаровдун ортосунда соцтартмак аркылуу кайым айтышы орун алды. Буга депутаттын медиа аянтчалардын бирине жарыяланган сөзү себеп болду.

Медер Алиев өз сөзүндө Акылбек Жапаров майрамга коопсуздук кызматынын жана коштоочуларынын коштоосусуз жалгыз келгенин айткан. Депутаттын айтымында, бул бийликтин тез кетип, мурдагы жетекчилерге болгон мамиленин өзгөргөнүн көрсөтүп турат.

Мындан көп өтпөй Акылбек Жапаров өзүнүн соцтармак баракчасына пикир жазып, депуттын айткандарына жооп кайтарган.

«Досторумдун бири АКИ пресске депутат менин атымды терс өңүттө колдонуу менен макаланы жарыялаптыр деп жазыптыр. Аны окуп көрдүм. Күлкүм келди. Капалануу жана кыжырдангандай сезим болду. Мен ал киши тууралуу жаңылып калганмынбы?», — деп жазган мурдагы министрлер кабинетинин башчысы сөздү, адамды сыйлоо кыргыз коомунун негизги баалуулуктарынын бири экенин да кошумчалаган.

Жапаровдун бул жообунан көп өтпөй депутат Алиев кайрадан өз пикири менен болушуп, мурунку МинКаб башчысына жооп кайтарды.

«Мурунку Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мага жооп жазыптыр.
Сөздүн төркүнүн, маанисин талдабай, түшүнбөй туруп сен мени көрө албайсың дептир, сен сүйлөбөй эле сагыз чайна дептир. Капырай айа, эгерде сиздей адамды көрө албасам анда менин турмушум бекер өттү. Капа болбоңуз мен сизди эч кайсы бир жагынан өзүмө мисал, өрнөк кыла албайм. Урматтуу Акылбек мырза, кеп сиз жөнүндө эмес, а бийликтин табияты жөнүндө болчу ал катта. Адам баласы бийликте болгонунда жандап жүргөндөр, кошоматчылар, достор көбөйөт. Айткан сөзүңдү жерге түшүрбөй -Лаппай, куп болот! деп ийилип турушат. Бийликтен кетээр замат унутта каласың. Сени эчким эстебейт. Мына ачуу чындык. Сөздүн мааниси ушунда эле», — деди депутат.

Количество просмотров: 793