Бүгүн, 27-октябрда жапырт камалган саясатчы жана жарандык активисттердин жакындары бийликке кайрылуу жасап жатат.
Эске салсак, 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камалышкан.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.
24-октябрда Бишкекте бир катар саясатчылардын жана жарандык активисттердин камалышына каршы болгондор жөө жүрүшкө чыгышкан.
жапыртассалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалган жарандык активист менен саясатчылардын дээрлик баары 20-декабрга чейин камалды. Мындай чечимди 25-октябра караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Алар Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта болот.