• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Түз эфир: Камалган 11 журналисттин жакындары Жапаровго кайрылуу жасайт

26 Үчтүн айы 2024 10:54 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-январда камакка алынган 11 журналисттин жакындары маалымат жыйын куруп, бийликке кайрылуу жасамак. Бирок, Park Hotel Bishkek мейманканасындагы жыйын өтчү бөлмөнү суу каптап кеткени айтылды.

Чогулгандар жыйын тууралуу мейманкана менен алдын ала макулдашылганын айтып, нааразы болушууда. Ал эми мейманкананын администрациясы башка жыйын курчу залдар бош эмес экенин билдирди.

Натыйжада журналисттердин жакындары көчөдөн кайрылуу жасашууда.

Иликтөөчү журналист Актилек Капаровдун апасы Кундузбу Маматова эки айга тергөө абагына камалган 11 журналист сот чечими чыкканына карабай, милициянын убактылуу камоочу жайында кармалып турушканын белгилеп, төмөндөгүлөргө токтолду.

«Менин балам бирөөлөрдүн тилине кирип, бийликти басып алам деген жигит эмес. Азыр алардын үстүнөн түрдүү каралоолор жүрүп жатат. Жаш журналисттердин шагын сындырып, канатын кайрыбай адилет чечим чыгарып берүүсүн бийликтен суранам»,-деди Маматова.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынды.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат.

Количество просмотров: 88