• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Түз эфир: Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны

29 Кулжа 2022 10:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңешинин кезектеги отуруму өтүп жатат.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – VI чакырылышынын депутаттары) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет караган);

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 9-февралындагы № 40-VII токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Мыйзамдын макулдашылган варианты (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);

3. “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын бириктирилген долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечилер – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 11.03.22деги № 130 токтом жана депутат Ормонов У.З.) (Социалдык саясат боюнча комитет);

4. “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 25.03.22деги № 164 токтом) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

5. “Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 27.08.21деги кир.№ 6-12169/21) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

6. “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 07.02.22деги № 62 токтом) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

7. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 18.02.22деги № 89 токтом) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

8. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 07.02.22деги № 51 токтом) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

9. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы 29.10.21деги кир. № 6-15382/21) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

10. “Улуттук баш кийим Ак калпакка маданий символ статусун берүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – VI чакырылышынын депутаттары) (Социалдык саясат боюнча комитет четке кагууну сунуштайт);

11. “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 13.05.22деги кир. № 6-9021/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет, Социалдык саясат боюнча комитет, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

12. “2006-жылдын 24-ноябрында Минск шаарында кол коюлган КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууну жана 2017-жылдын 3-ноябрында Ташкент шаарында кол коюлган 2006-жылдын 24-ноябрындагы КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 27.05.22деги кир. № 6-10474/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет);

13. “2021-жылдын 19-октябрында Москва шаарында кол коюлган 2010-жылдын 18-июнундагы Бажы бирлигинин бажы аймагындагы эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык зоналар жана эркин бажы зонасынын бажы жол-жоболору маселелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 24.05.22деги кир. № 6-10066/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

14. “Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 01.06.2022деги кир.№ 6-10965/22) (Социалдык саясат боюнча комитет, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

15. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2021-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган);

16. “Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоорун каржылоого Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн гранттык жана насыялык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 189-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;

17. “Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо жана Бишкек шаарындагы башаламан курулуш маселелерин иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 176-VII токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтүн узартуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;

18. “Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (демилгечи – депутат Айдарова А.А.) (Социалдык саясат боюнча комитет, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет).

Количество просмотров: 41