• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Түз эфир: Жогорку Кеңештин жыйыны

17 Кулжа 2021 10:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн,17-июнда Жогорку Кеңешинин кезектеги жыйыны өтуп жатат.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин антикризистик программасы тууралуу жана республиканын аймактарында сугат суусу менен камсыз кылууда түзүлгөн кырдаал жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын маалыматы)

2. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2020-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету (Бюджет жана финансы боюнча комитет караган) (уландысы)

3. “Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 05.03.21деги № 75 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет)

4. “2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (COVID-19га чара көрүү боюнча) Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы кошумча каржылоо) жана 2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору боюнча 2015-жылдын 12-июнундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 04.05.21деги № 186 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет, Бюджет жана финансы боюнча комитет)

5. “2020-жылдын 29-сентябрында Будапешт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 14.04.21деги № 145 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет)

6. “2021-жылдын 11-мартында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 04.05.21деги № 197 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

7. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет)

8. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2020-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету тууралуу (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет).

Количество просмотров: 193