• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түз эфир: Жогорку Кеңештин жыйыны

28 Теке 2021 10:19 Бишкек Govori.TV

 Бүгүн, 28-июлда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Басма сөз кызматы жыйындын күн тартибин жарыялады (өзгөрүүлөр болушу мүмкүн):

1. “Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууга киргизилет. Демилгечилер – депутаттар Нурбаев А.М., Акаев Ж.К., Жеенчороев М.К., Сулайманов А.Т., Орозова К.Б., Садиков У.Ч., Осмонов А.Ж.);

2. “2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын кмөтү менен Венгрия кмөтүнүн ортосундагы Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууга киргизилет. Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы);

3. “1973-жылдын 18-майындагы Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү жөнүндө эл аралык конвенцияга (1999-жылдын 26-июнундагы Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү жөнүндө эл аралык конвенцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун редакциясына) Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууга киргизилет. Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы;

4. “2021-жылдын 15-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык ɵнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Кɵл айланма автожолунун Корумду–Балбай участогун реконструкциялоо долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууга киргизилет. Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы;

5. “2021-жылдын 3-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Корумду—Балбай участогундагы Ысык-Көл айланма автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууга киргизилет. Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы;

6. “Бишкек шаарында 2021-жылдын 9-апрелинде кол коюлган 2019-жылдын 8-августундагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (“CASA-1000” жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашуу-катын ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет. Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы;

7. “Бишкек шаарында 2021-жылдын 3-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ноокат шаарынын ичүүчү суу жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2021-жылдын 3-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ноокат шаарынын ичүүчү суу жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо” долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет. Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы;

8. “Бишкек шаарында 2021-жылдын 13-апрелинде кол коюлган 2019-жылдын 13-сентябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кербен шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууга №1 кошумча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет. Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы;

9. “2021-жылдын 12-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы “Суу коопсуздугу жана суунун сапаты боюнча долбоорду” даярдоого грант, ECAPDEV № TFOB3890 гранты тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет. Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Количество просмотров: 156