• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түз эфир: Жогорку Кеңештин жыйыны

27 Үчтүн айы 2021 10:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат.

Жыйындын күн тартиби (өзгөрүүлөр болушу мүмкүн):

1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (майыптыгы бар адамдарга билим берүү маселелери боюнча) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууга киргизилет. Демилгечи – депутат Дастан Бекешев;

2. “2018-жылдын 20-июлунда Баку шаарында кол коюлган, 2005-жылдын 25-ноябрындагы Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине катышкан мамлекеттердин автотранспорт каражаттарын уурдоого каршы күрөшүүдөгү жана аларды кайтарып берүүнү камсыз кылуудагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууга киргизилет. Демилгечи – өкмөт;

3. “2019-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы миграция жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууга киргизилет. Демилгечи – өкмөт;

4. “2014-жылдын 30-майында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн топогеодезиялык жана навигациялык камсыздоо жаатындагы кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууга киргизилет. Демилгечи – өкмөт;

5. “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууга киргизилет. Демилгечилер – депутаттар Сурабалдиева Э.Ж., Айдаров С.А., Арапбаев А.А., Абжалиев А.Т., Алыбаев О.А., Байбакпаев Э.Ж., Жээнбеков А.Ш.);

6. “Электрондук коммерция жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууга киргизилет. Демилгечилер – депутаттар Маматалиев М.А., Иманалиев К.К., Нурбаев А.М., Пирматов И.А., Сулейманов Б.И., Шер-Нияз С., Мусабекова Ж.А., Жунус уулу А., Бакчиев Д.Ж., Дюшалиев А.К., Сыдыгалиев Н., Жеенчороев М.К., Райымкулов Б.К., Бекешев Д.Д., Айдаров С.А., Рыспаев К.Ж., Баатырбеков А.Б., Никитенко Н.В., Токтошев Э.Т., Шарапов З.Э., Акаев Ж.К., Сулайманов А.Т., Матраимов И.И., Эргешов А.М., Карашев А.А., Баймуратов К.Ш., Гайпкулов И.Т., Турусбеков Б.С., Акматов А., Зулушев К.Т., Ибраев С.К., Мавлянова М.Э., Мамашова А.Т., Нышанов С.К., Тулендыбаев П.Р., Нурматов К.С., Масабиров Т.А., Турсунбеков Ч.А., Тиллаев Т.Г., Казакбаев Р.А.);

7. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет. Демилгечи – депутат Байбакпаев Э.Ж.);

8. “Зергерчилик чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет. Демилгечилер – депутаттар Нурбаев А.М., Байбакпаев Э.Ж., Маматалиев М.А., Конушбаев Т.К., Алимбеков Н.К., Баатырбеков А.Б., Асылбаева Г.К., Жумабеков Д.А., Масабиров Т.А., Мамашова А.Т., Мамытов Т.Т., Бекешев Д.Д., Акаев Ж., Чойбеков Р.Н., Исаев Ж.Б.);

9. “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет. Демилгечи – өкмөт;

10. “2019-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган, 2000-жылдын 30-ноябрындагы Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө мамлекеттердин баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет. Демилгечи – өкмөт;

11. “Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-январындагы №44 токтому менен жактырылган “Банктык эмес финансылык рыноктун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окуунун жол-жоболоруна кайтаруу тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

12. “Электр энергиясын дүң сатып алуучуларды-сатуучуларды жана керектөөчүлөрдү-кайра сатуучуларды тарифтик жөнгө салуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет);

13. “Кыргыз Республикасынын президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодексине, “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет).

Количество просмотров: 44