• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Табылды Акеров менен подкаст: Кичинекей бир эле нерсе шайлоо процессин буруп салышы мүмкүн

9 Тогуздун айы 202516:00 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркаткандан кийин мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөнү жатат. Шайлоо күнү 30-ноябрга белгиленди. Өлкө боюнча 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет.

Саясий процесстер, айрыкча шайлоо учурунда алдамчы саясий ыкмалардан жана манипуляциялардан кантип сактанса болот? Бул тууралуу саясат серепчи, тарыхчы Табылды Акеров подкастта айтып берет.

Маекте саясий манипуляция деген эмне, добуш берүү, шайлоо учурунда колдонулуучу манипуляциялар — мисалдары: дезинформация, медиа контролу, пропагандалык билдирүүлөр, “кара пиар”, телефон билдирүүлөр, социалдык тармактагы фейктер, аккаунттардын жалган ролу тууралуу айтылды.

Андан тышкары, саясий партиялардын, кандидаттардын колдонгон стратегиялары — аудиторияга таасир берүү, пикир пайда кылуу, элди бөлүү же үртөөгө үндөө Кыргызстанда кандай иштелип келет деген суроого жооп изделди.

Элдин үмүтү, ишеними кандай зыян тартат — шайлоо процесстеринде добуштун тазалыгы, саясий маданият негизи барбы же жокпу? Табылды Акеровдун айтымында шайлоого ишеним аз, бирок бул ирет шайлоо жаңы мыйзам менен өтөт, балким ошол мыйзамдын таасири менен шайлоочулар боло турган саясий процесстерге маани беришет.

Эксперт саясий кампаниялардагы жарнактарга, акцияларга, митингдерге байланыштуу маалыматтарды кандайча анализдеш керекти жөнүндө да айты берди.

Количество просмотров: 1154