• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Такси кызмат көрсөтүүсүнө патенттин наркы өзгөргөн жок

8 Бугу 2020 14:09 Бишкек Govori.TV

Жүргүнчүлөрдү ташуу (такси) боюнча экономикалык иш жүргүзгөн жарандар Бишкекте патенттин ставкасы 1-майдан кийин жогорулоосу жөнүндө имиштерден улам бул туурасында түшүндүрмө берүү өтүнүчү менен социалдык тармактар аркылуу Салык кызматына кайрылышууда.

Буга байланыштуу, Мамлекеттик салык кызматы жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө (такси) берилген патенттин наркы өзгөрбөгөндүгүн билдирет.

Мыйзамга ылайык патент менен катар камсыздандыруу полисин да алуу зарылдыгын Салык кызматы эскертет. Мисалы, Бишкекте такси кызматы үчүн патенттин баасы — 500 сом, камсыздандыруу полиси — 775 сом турат.

Белгилей кетсек, салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтында региондор боюнча патенттердин ставкалары жайгаштырылган. Ал жерден ар бир жаран милдеттүү жана ыктыярдуу патенттин суммалары менен тааныша алышат.

Патентти салык органына баруу менен кагаз жүзүндө, ошондой эле интернет аркылуу онлайн түрүндө алууга болот. Электрондук патентти  салык кызматынын www.salyk.kg – “Салык төлөөчүнүн кабинети”  электрондук сервис аркылуу же eID-картаны (2017-ж. жаңы үлгүдөгү паспортту) пайдалануу менен алууга болот.

Количество просмотров: 111