Бишкектин Биринчи май райондук соту 22-майда Кумарбек Абдыровдун иши боюнча айыпталып жаткан мурдагы судьяларга, прокурорго жана жактоочуга карата чечим чыгарды.
Соттун чечими менен Бишкек шаардык сотунун мурдагы судьялары Сания Бранчаева, Жаңыл Мамбеталы жана Кайсын Абакиров КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 352-беренесинин 1-бөлүгү (судья (сот) тарабынан атайылап адилетсиз өкүм, чечим же башка сот актысын чыгаруу) менен күнөөлүү деп табылды.
Ал эми прокурор кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чапкан деп табылса, адвокат алдамчылык кылган деп табылды.
Бирок мөөнөт өтүп кеткенине байланыштуу алардын баары жаза алуудан бошотулду.
Баары сот залынан бошотулду.
Эске салсак, Абдыров 2025-жылдын күзүндө 17 жаштагы Айсулуунун өлүмүнөн кийин кармалган. Кыз зордукталып, андан соң муунтулуп өлтүрүлгөн. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Абдыров ар кайсы жылдары кыз-келиндерге кол салып, өлтүргөнүн мойнуна алган.
Мурдагы кол салуулардын бири боюнча ал соттолгон, бирок жеңил жаза алган. Тергөөнүн версиясына ылайык, ошол учурда Абдыров адвокат аркылуу Бишкек шаардык сотунун судьяларына 10 миң доллар пара берип, анын негизинде өкүм жеңилдетилген.
Быйыл февраль айында Абдыровдун жансыз денеси убактылуу кармоочу жайдан табылган. Ал өз өмүрүнө кол салганы айтылган.