• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

“Такыр-Төр” көлүнүн жарылышы. Жалпысынан кооптуу жерден 950 адам эвакуацияланды

27 Кулжа 202522:16 Бишкек Govori.TV

2025-жылдын 27-июнунда болжол менен саат 17:31 чамасында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр бийик тоолуу көлдүн дамбасы жырылып, суу ташкыны Алмалуу жана Кебек-Бий (Горная Серафимовка) айылдардын ортосундагы 1 даана көпүрөнү алып кеткен, Азыркы учурда эки тартаптуу жол жабык. Жеринде жолду ачуу боюнча тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу ӨКМ кабарлайт.


КР ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу Ысык-Ата райондук эвакуация комиссия менен биргеликте жалпы 950 адамды эвакуациялап, убактылуу жайгаштыруучу жайларга (мектеп, мечит, маданият үйү, интернат-үйү) жайгаштырылды.


Эвакуация иштерине Кант шаарынын мэриясынан 11 даана кичи автобус, райондук транспорт кызматынан 8 кичи автобус унаалары тартылды.

Азыркы учурда суунун көлөмү турукташып, турак үйлөр жана башка инфраструктура объектилери жабыркаган жок.


Бирок, ошого карабастан көзөмөл генерал-майор Бообек Ажикеевдин көзөмөлүндө күчөтүлгөн боюнча сакталууда.

Количество просмотров: 257