Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу «Такыр-Төр» көлүндөгү абалга байланыштуу учурда Алмалуу жана Горная Серафимовка айылдарынын ортосундагы унаа жол убактылуу жабык, атайы посттор уюштурулган. Бул ӨКМдин басма сөз борбору билдирет.
Агып жаткан суу токтоп, коркунуч жоюлгандан кийин тазалоо иштери жүргүзүлөт.
Жеринде ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ (5 кызматкер), 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, №43 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 манипулятор, суу чарба башкармалыгынан 1 экскаватор, жергиликтүү бийликтен 2 экскаватор, жалпы 7 техника даярдыкта турат.
2025-жылдын 27-июнунда болжол менен саат 17:31 чамасында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр бийик тоолуу көлдүн дамбасы жырылып, суу ташкыны Алмалуу жана Кебек-Бий (Горная Серафимовка) айылдардын ортосундагы 1 даана көпүрөнү алып кеткен, Азыркы учурда эки тартаптуу жол жабык. Жеринде жолду ачуу боюнча тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу ӨКМ кабарлайт.
КР ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу Ысык-Ата райондук эвакуация комиссия менен биргеликте жалпы 950 адамды эвакуациялап, убактылуу жайгаштыруучу жайларга (мектеп, мечит, маданият үйү, интернат-үйү) жайгаштырылды.