• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Талантбек Исаев, ИИМ башчылыгына дайындалуусу тууралуу маалыматты четке какты

17 Аяк оона 2018 11:27 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 17.09.2018. Govori.TV
Түрк президентинин жубайы Эмине Эрдогандын,  “Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна”,- келип, жолдогу авто тыгынында калган жагымсыз окуянын кесепети ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кызматынан кетирип, анын ордуна мурдагы ИИМдин ЖККМБ башчысы генерал Талантбек Исаевдин келээри айтылып жаткан.

 

Бул тууралуу, Талантбек Исаев Vesti.kg сайтына маалыматтын калп экенин айтып, өзү да ММКдан окугандыгын билдирген.
“Мени ИИМ башчысы кылып дайындайт деген сөз жөн эле ушак, Мага бул сунушту кылышканда деле баш тартмакмын. Анткени бүтүндөй министрликтин жоопкерчилигин алууга даяр эмесмин”,-дейт Исаев.
Количество просмотров: 14