• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Талас шаарында Чыңгыз Айтматовго арналган балдар фестивалы өтөт

6 Жетинин айы 201810:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 06.11.2018. Govori.TV

Чыңгыз Айтматовдун кичи мекени болгон Талас шаарында  «Айтматов жана театр ааламы» деп аталган биринчи балдар фестивалы өтөт. Бул туурасында уюштуруучулар билдирет.

Анда «Устат-шакирт» борборунун «Умтул» мектеп театрларынын тармагы даярдаган спектаклдер тартууланат. Иш-чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейине жана аймактарды өнүктүрүү жылына арналган. Конкурс Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык-драма театрынын базасында Кыргызстандын 13 мектебинин балдарынын катышуусунда 11-17-ноябрда өтмөкчү.

Андан сырткары, Тажикстандын Душанбе шаарындагы көркөм мектептин тарбиялануучулары жергиликтүү режиссер Бахтиёр Кахаровдун жетекчилиги менен келиши күтүлүп жатат.

 

Количество просмотров: 82