• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Талас шаарындагы стадион реконструкциядан өтөт

13 Жетинин айы 20248:45 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы – Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Талас шаарындагы Э.Кутманалиев атындагы стадиондун абалы менен таанышты.

Атайын кызматтан билдиришкендей, 1989-жылы курулган стадион ушул күнгө чейин бир канча жолу оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн, бирок азыркы учурда замандын талабына жараша шарттарга муктаж.

Андыктан, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тийиштүү тараптарга стадионду толук кандуу реконструкциядан өткөрүү тапшырмасын берип, Талас шаарынын тургундары үчүн заманбап шарттарды түзүү талабын койду.

Белгилей кетсек, Э.Кутманалиев атындагы стадион жалпы 2300 орунга ылайыктуу болуп, анда көрүүчүлөр отуруучу имараттын ичинде ар кандай спорттун түрлөрү боюнча бөлмөлөр, спортчулар үчүн жатакана, чечинүүчү, жуунучу бөлмөлөрү бар. Деген менен алардын басымдуу бөлүгүнүн эскилиги жеткен.

Количество просмотров: 67