• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

Таласта мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

7 Жалган куран 2022 10:51 Бишкек Govori.TV

Бакай-Ата районунда мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен 7 млн 770 миң сомдук 2,59 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бакай-Ата районунун прокуратурасы тарабынан КР Жер кодексинин талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүдө Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 1999-жылдагы токтомунун негизинде Миң-Булак айыл өкмөтүндөгү 2,59 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке бөлүнүп, ага “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата филиалы тарабынан укук берүүчү күбөлүгү даярдалып берилгендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

«Мыйзамсыз берилген жер тилкесин мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, баардык соттук инстанцияларда доо арыз толугу менен канааттандырылган. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде мыйзамсыз менчике берилип кеткен 7 млн 770 миң сомго бааланган 2,59 га жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 116