• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Таласта селдин кесепетинен келтирилген чыгым 108080 сомду түздү

13 Кулжа 2018 11:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13. 06. 2018. Govori.TV

Таласта селдин кесепетинен  материалдык чыгым 108080 сомду түздү.Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Комиссия тактаган маалыматта Таласта болгон селдин себептери аныкталды. Мында  сел өтүүчү каналды жырып, таза өткөрүлүп, кайра селканалы жабылган эмес.

Мында  райондук жарандык коргонуу комиссиясынын тактоо иштеринин жыйынтыгы боюнча, селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары райондук суу чарба башкармалыгына жана Аманбаев айыл өкмөтүнө жүктөлгөн.

Ал эми келтирилген материалдык чыгым 108080 сомду түзгөн.

Эске салсак,Талас облусунун Кара-Буура районундагы Аманбаев айыл аймагында 2018-жылдын 11-июнь күнү саат 18:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен сел өтүүчү сайды сел суулары жарып, Ак-Жар айылында 11 турак үйдүн короо сарайларын, 8 га 80 сотык айдоо жерлерди каптап, каналдын 75 метр аралыгын суу жеп кеткен.

 

 

Количество просмотров: 42