• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Таласта унаа өрттөнүп, айдоочу каза болду

21 Бештин айы 202011:47 Бишкек Govori.TV

Таласта жеңил унаа өрттөнүп, бир адам түтүнгө ууланып каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 20-декабрь күнү, саат 16:28 чамасында болгон. Анда автоунаанын мотору жана жүк салган бөлүгү күйгөн.

«Өрттүн кесепетинен автоунаанын 44 жаштагы ээси түтүнгө ууланып каза болгон», — деп жазылат маалыматта.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатат.

Количество просмотров: 311