• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Тамила тааныган аалам

13 Бештин айы 2018 11:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.12.2018.Govori.TV.

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде жаш скульптор Тамила Маматованын «Менин Айтматовум» аттуу кесиптик көргөзмөсү болуп өттү.

Көргөзмөдө К. Иманалиев, И. Пирматов, Ж. Жолдошева сыяктуу саясатчылар, скульптура жана сүрөт өнөрүнүн ээлери, жалпы эле Тамила Маматованын чыгармачылыгын сыйлаган замандаштары чогулуп, жаш скульпторго каалоо-тилектерин айтышты.

Тамила Маматова азырынча кыздар арасында бул адистик боюнча Санкт-Петербург шаарындагы И. Репин атындагы көркөм-сүрөт академиясын аяктаган жалгыз скульптор.


Аталган көргөзмөдө анын буга чейинки жана улуу жазуучу Айтматовго таасирленген эмгектери коюлган.

Количество просмотров: 14