Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берип, буга чейин соцтармактарда кызы Жанайымдын «Алтын балалык» борборунда балдарга белек таратып жаткан видеосуна байланыштуу түшүндүрмө берди.
Президент журналисттин, «Соцтармакта кызыңыз Жанайымдын “Алтын балалык” борборунда балдарга белектерди таратып жаткан видеосу тарады. Бул сизди пиар кылуунун бир бөлүгүбү же балдарыңызды саясатка аралаштыруу аракетиби?», — деген суроосуна төмөнкүчө жооп берген:
«Эч кандай пиар дагы эмес, саясатка аралаштыруу дагы эмес. Буга чейин айтканымдай эле балдарымды да, жакындарымды да саясатка, мамлекеттик иштерге аралаштырбайм. Эгер андай аракеттер болсо, эбак эле билинет эле да. Ондогон жыл курулушу бүтпөй турган “Алтын балалык” балдарды реабилитациялоо борбору менин тапшырмам менен курулуп бүткөн. Аймактардагы балдарыбыз, айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн аз да болсо жайкы эс алуу уюштуруп, жакшы эмоцияларды тартуулайлы деген максатта 3 жыл мурда курулушун аягына чыгартып, керектүү эмерек-жабдыктарын алып бергенбиз. Жыл сайын бул жакка өлкөбүздүн булуң-бурчунан балдар келип эс алып, бири-бири менен достошуп, дем алып кетишет. Анан жыл сайын эле Айгүл “балдардын көңүлү көтөрүлүп калсын” деп белек-бечкектерди тапшырып келет. Бул жолу да бармак. Бирок, кудалар чакырып калып Айгүл экөөбүз ал жакка кеткенбиз. Анан “Атайын жекшембиге пландалган иш-чара, балдар күтүп калышты. Томсоруп калышпасын, сен барып тапшырып коё берчи” деп кызыбызды жөнөтүп коюптур. Жанайым балдар үчүн белекке делген шорта, футболкаларды таратышып коюп эле кете берген. Жалпыга маалымдоо каражаттары болгон эмес. Маалыматты эч жакка чыгарбай эле белектерди таратып коёлу дешкен. Ал жакка келгендердин арасынан бирөөсү телефонго тартып, анан соцтармакка чыгарып жибериптир. Муну саясат кылыштын деле кереги жок».