УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти кызматынан кетти.
Бүгүн, 15-апрелде өтүп жаткан жыйынында Ташиев ал футбол биримдигинин жетекчиси болуп турганда аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, атайын кызматтын төрагасы кызматынан алынгандан кийин расмий иш-чарада биринчи жолу сүйлөдү
“Эки жылдын ичинде 17 жаңы стадион, мекемелерди куруптурбуз. Азыр дагы 14ү курулуп жатат. Эки жылдын ичинде буга 7 млрд сомду жумшаптырбыз. Азыр дагы 7-8 млрд сомдук курулуштар жүрүп жатат. Демек, эки жылдын ичинде футболго 14-15 млрд сом тарттык”, — деди ал.
Ал кыргыз футболундагы жетишкендиктер президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен болгонун, аны Кыргыз футбол биримдигин жетектөө сунушун да мамлекет башчы бергенин айтты.
Эске салсак, ал 2024-жылы Кыргыз футбол биримдигинин президенти болуп шайланган.
Ал эми анын ордуна ким келери да бүгүнкү жыйында чечилери кабарланган.
Бирок, КФБ президентинин кызматына талапкерлер көрсөтүлбөгөндүктөн, бүгүнкү Конгрессте бул кызмат боюнча шайлоо өткөрүлгөн жок.
«Президенттик кызматка болгон шайлоо өтө турган Конгресстин жаңы датасы жакынкы убакытта КФБнын Аткаруучу комитети тарабынан аныкталат», — деп жазылат футбол биримдигинин маалыматында.
Ал эми бүгүн КФБнын Аткаруучу комитетинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу, 2026-2030 мөөнөткө болгон жаңы курам шайланды.
КФБ Аткаруучу Комитетинин жаңы курамы:
Белгилесек, Аткаруучу комитетинин мүчөлүгүнө болгон эки орун азырынча бош калат.