• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ташкент аэропортунда жасалма британ паспорту менен ооган жарандары кармалды

16 Баш оона 202215:38 Бишкек Govori.TV

Ташкент аэропортунда Ооганстандын жети жараны жасалма британ паспорттору менен кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт жана туризм объектилериндеги коопсуздукту камсыз кылуу департаменти билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 5-августта «Ташкент–Лондон» багыты боюнча уча турган жүргүнчүлөрдүн паспортун текшерүү маалында Улуу Британиянын паспортун көрсөткөн жети киши каттамдан четтетилген.

Териштирүүнүн жүрүшүндө алар Ооганстандын жараны экенин, жасалма британ паспортторун Тажикстанда жүргөндө алышканын айтышкан.

Бул факты боюнча «Өзбекстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүү» жана «Жасалма документтерди, штамптарды, бланктарды даярдоо жана аларды колдонуу» беренелери менен кылмыш иши козголду.

Количество просмотров: 116