• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Ташкентте бир үйдөн үч киши белгисиз жагдайда каза болду

19 Үчтүн айы 2024 9:20 Бишкек Govori.TV

Ташкенттин Үчтепа районунда бир үй-бүлөдөн беш киши эс-учун жоготкон абалда табылып, алардын үчөө каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

16-январь күнү кечке жуук ички иштер органдарына Ташкентте жашаган 5 жаран эс-учун жоготкон абалда табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Тергөө тобу окуя болгон жерде 36 жаштагы эне менен 3 жаштагы кыз каза болгонун аныкташкан. Бир суткадан кийин медициналык тез жардам көрсөтүлгөнүнө карабай, үй-бүлөнүн 39 жаштагы башчысы көз жумган.

12 жаштагы жана 8 айлык эки кыз жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, окуя болгон жерден ар кандай дары-дармектер, ошондой эле үй-бүлө жеген тамак-аштар алынды.

Азыр экспертиза дайындалды. Так корутунду чыккандан кийин үй-бүлө мүчөлөрү эмне себептен каза болгону белгилүү болот.

Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 1031