• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ташкентте диний мектептин окуучусу 5-кабаттан боюн таштады

1 Баш оона 2023 9:17 Бишкек Govori.TV

Ташкенттин Шайхантахур районундагы мыйзамсыз диний мектептин окуучусу мугалиминен качып баратып бешинчи кабаттан секирип кетти. Бул тууралуу MY5 телеканалы Өзбекстандын Ички иштер министрлигине (ИИМ) шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, Шайхантахур районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде мыйзамсыз ачылган диний мектептин мугалими жашы жете элек 15ке жакын баланы уруп-сабап сабак өтүп келген.

Мугалимдин токмогунан качкан бала терезеден секирген. Ал бир топ жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, диний билими жок 28 жаштагы адам 1-июлдан баштап батиринде мыйзамсыз чакан медресе ачып, ар бир баладан 17 доллардан алып диний сабак бере баштаган.

Тинтүү учурунда батирден ар кандай диний китептер табылган. Мыйзамсыз сабак өткөн жаран 15 суткага камалды. Балдардын ата-энелери да административдик жоопкерчиликке тартылды.

Мындан тышкары учурда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатканы кабарланды.

Жакында Кыргызстандын Сузак районунда мыйзамсыз, жашыруун иштеп жаткан эки медресенин (хужра) ишмердиги токтотулганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирген.

УКМКнын маалыматына караганда, медреселерде сабактарды диний билими жок мугалимдер өтүп келгени аныкталган.

Количество просмотров: 86