Бишкек шаарындагы №3 медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасындагы сынык жаракаттарды кабыл алуу бөлүмүнө кайрылган жаш балдарын саны жыл санап көбөйүүдө.
Бул тууралуу govori.tv агенттигине оорукананын сынык жаракаттарды кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы Жылдызбек Муканов билдирди.
«Быйыл сынык жаракаттарды кабыл алуу бөлүмүнө былтыркы жылга салыштырмалуу жаш балдардын кайрылуусу көп кездешип жатат. Алар ар кандай жагдайда жаракат алгандар. Эң негизгиси жол кырсыктарынан жаракат алып жатышат. Мунун бирден-бир себеби мектептерде профилактикалык түшүндүрүү иштери көп жүрбөй жатат» -дейт Муканов
Кар жаагандан бери жолдор тайгалак болуп, жыгылып түшүп колу-бутун сындыргандар көп. Ошондуктан ата-энелер балдарына таманы тайгалак эмес бут кийим кийгизип, сөөктөр морт болбош үчүн кальций бериш керек дешет дарыгерлер.