Журналист Санрабия Сатыбалдиеванын кармалышы боюнча депутат Тазабек Икрамов пикирин айтты. Аталган журналист менен Икрамов пиар-менеджер катары иштешип келген. Билдиргенине ылайык, Санрабия Сатыбалдиевага буга чейин эле коркутуу болуп келген. Мындан сырткары «жазганы курч журналисттин айткандары бийликке жакпай калгандыгына байланыштуу ушундай кадамга барып жатса керек»,-деген оюн кошумчалады.
Мындан сырткары Санрабия Сатыбалдиева журналист Баяна Кулованын арызынын негизинде камака алынганын билдирди.
Толугу менен бул жактан көрүңүз:
Белгилей кетсек, журналист Санрабия Сатыбалдиева жана оператор Калыс Аширбековду кармалышы боюнча ИИМдин басма сөз кызматы маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, күч органдары 3-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарынан “системалуу түрдө акча опузалаган бир катар жарандарды” эки миң доллар каражат алып жатканда кармаган. Шектүүлөр депутаттарды “2016-2017-жылдагы аудиожазуулар менен шантаж кылганы” айтылды.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова журналисттин абалы начарлап ооруканага жеткирилгенин кабарлаган. Көп өтпөй ал ШИИБге алынып келинди.
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова “кош бойлуу журналист-айымдын камалышы мыйзамга туура келбейт” деп билдирди. Оператор Калыс Аширбеков Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайында экени тастыкталды.