• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Тазабек Икрамов: Дыйкандарга жеңилдетилген 6%дык насыя менен катар 20%дык насыяны кошо алууга милдеттендирген жагдайды сынга алды

13 Чын куран 202315:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында 2023-жылга карата дыйкандарга жеӊилдетилген насыяларды берүү жана республиканын аймагында акыркы жылдарда болуп жаткан жер көчкүлөрдүн алдын алуу боюнча Министрлер кабинетинин маалыматы угулду.

Суроо-жооп иретинде өткөн талкуу маалында депутат Тазабек Икрамов дыйкандарга жеңилдетилген 6%дык насыя менен катар 20%дык насыяны кошо алууга милдеттендирген жагдай бар экенин белгилеп: “Буга окшогон сүткөрлукту биргелешип токтотушубуз керек”,– деди.

Өз кезегинде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев эгер андай фактылар болсо чара көрүлөрүн билдирди.

Количество просмотров: 99