• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Тазабек Икрамов унааларды милдеттүү камсыздандыруу мыйзамын жылдырууну сунуштады

24 Үчтүн айы 2023 13:19 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов унааларды милдеттүү камсыздандыруу мыйзамын ишке ашырууну 2025-жылга жылдырууну сунуштады. Бул тууралуу ал парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү 1-апрелден тарта «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» (ОСАГО) мыйзамынын талаптарын аткарбаган айдоочуларга 3 миң сом айып салынарын белгиледи.

«Бардык жерде кымбат. Эл ушунчалык кыйналууда. Ошондуктан мыйзамды ишке ашыруу, менимче, 2025-жылга жылдыруу керек. Депутаттар бул маселени карашы керек. Автокамсыздандыруу ыктыярдуу болушу керек. Бул жеке менчик. Ар ким милдеттүү деген туура эмес», — деди ал.

Тазабек Икрамов белгилегендей, документтин аткарылышы калктын нааразычылыгын жаратат.

Мындан жети жыл мурун Кыргызстанда “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам (ОСАГО) кабыл алынган. Бирок аны ишке ашыруу бир нече жолу артка жылдырылды. 2023-жылдын 1-январынан тарта бардык унаа ээлери (юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет элдик жарандар) унааларын камсыздандырууга милдеттүү. Келишим (полис) жок болсо, 1-апрелден тарта аларга 3000 сом айып салынат.

Количество просмотров: 204