• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Тажик президенти Рахмон Бишкекке келди

13 Тогуздун айы 202310:59 Бишкек Govori.TV

Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

“Манас” эл аралык аэропортунан Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмонду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Тажикстандын Президенти Кыргызстанга 13-октябрда Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Быйыл Кыргыз Республикасы КМШга төрагалык кылууда.

Количество просмотров: 140