• Дүйшөмбү 17 Бугу 2021

Тажикстанда картошканын баасы кескин кымбаттап кетти

22 апреля 2020 в 18:36 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда соңку бир нече жумадан бери картошканын баасы кескин кымбаттап кетти.

Айрым соодагерлер муну пандемияга байланыштуу чек аралардын жабылгандыгы жана бир аз күн мурда жүргөн үшүк менен байланыштырышууда.

Ушул тапта Душанбе базарларында картошканын килограммы 8-10 сомониден (1 доллардын тегереги) сатылууда. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу үч эсеге кымбат.

Айрым базарларда бааны жөнгө салуу үчүн жарманкелер уюштурулууда. Мындай жерлерде картошка 6 сомониден сатылып, көптөгөн жашоочулар узун кезекке турууда.

Тажикстандын Айыл чарба министрлиги жаңы бышкан картошкаларды Өзбекстандан алып келүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.

Быйыл Нооруз майрамында Согди облусу картошка майрамын белгилеген. Соцтармактардын колдонуучулары кымбаттоолордон кийин башка жашылча-жемиштин урматына майрам уюштурбай эле коюуну сунушташты.

Количество просмотров: 293