• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Тбилисиде «чет элдик агент» мыйзамына каршы акция өттү

29 Чын куран 2024 9:24 Бишкек Govori.TV

Жекшембиде Тбилисиде оппозиция «чет элдик агент» жөнүндө мыйзамга каршы жүрүш өткөрдү. Демонстранттар «Республика» аянтынан грузин парламентинин имаратын көздөй жөө жүрүш жасашты. Бул тууралуу «Эхо Кавказа» билдирди.

Жүрүштүн катышуучулары «Орус мыйзамына жол жок» деп ураан чакырышты. Парламенттин имаратына «Орусия – оккупант» деген жазуу жана Грузиянын желеги илинди. Оппозиция чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамды бийликчил партия Москванын көрсөтмөсү менен кабыл алып жатканын айтууда. Мыйзам долбоорунун авторлору муну четке кагууда.

Башкаруучу «Грузин кыялы» партиясы мыйзам долбоорун колдогондор 29-апрелде көчөгө чыгарын кабарлады. Парламентте документ боюнча экинчи окуу шейшембиде болору күтүлүүдө.

2023-жылы ушундай эле документ көчө нааразылыгын жараткандан кийин авторлор аны артка чакыртып алган.

Количество просмотров: 55