• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Тбилисиде «чет элдик агент» мыйзамына каршы акциялар уланууда

18 Чын куран 2024 17:02 Бишкек Govori.TV

Грузияда Орусиянын чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамына окшош деп аталган «Чет өлкөлүк таасирдин ачыктыгы жөнүндө» мыйзамга каршы нааразылык акциялары уланууда. 18-апрелге караган түнү Грузиянын бир катар шаарларында, анын ичинде Тбилиси менен Батумиде митингдер өттү.

Борбор калаада 15 миңдей адам көчөгө чыкты. Полиция аларга тоскоолдук кылган жок, бирок эки митингчини кармап кетти. «Митингдин жүрүшүндө демонстранттар бир нече жолу зомбулук көрсөтүштү», — деп билдирди Грузиянын Ички иштер министрлиги.

Маалыматка караганда, кармалгандар полициянын талабына баш ийбей, алардын биринен бычак алынган.

Кечке жуук оппозиция мыйзам долбоорун бир сааттын ичинде чакыртып алуу боюнча бийликке ультиматум койду. Бул талап аткарылган жок. Андан соң Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе менен жолугушууну талап кылган митингчилер анын кеңсесине барышты. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, митингдин катышуучулары имараттан чыгуу жолдорун жаап, айрымдары ага кирүүгө аракет кылышты.

Батумиде жүздөгөн адам «Орусиянын мыйзамына жол жок» деп ураан чакырып, көчөлөрдү аралап өтүштү. Алар баракчаларды, Грузиянын жана Евробиримдиктин желектерин көтөрүп жүрүштү.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили X социалдык түйүнүнө: «Орусиянын мыйзамынын кабыл алынышына каршы үчүнчү түн! Бир жагында Грузиянын эли, экинчи жагында биздин европалык келечегибизге каршы добуш берген 83 депутат бар!», — деп жазды.

Жалпысынан үч күн ичинде 27 демонстрант кармалды. Айрым жерлерде полиция менен кагылышуу болуп, митингчилерге күч колдонулду.

Орусиянын оппозицияны, жарандык коомду жана журналисттерди чектеген «чет элдик агент» мыйзамын туураган деп грузин оппозициясы айыптап жаткан «Чет өлкөлүк таасирдин ачыктыгы» мыйзам долбоорун кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген «Грузин кыялы» партиясы сунуштоодо. Грузия парламентиндеги 150 орундун 84үн «Грузин кыялы» партиясынын өкүлдөрү ээлеп турушат. Былтыр декабрда Тбилисиде Европаны жактаган он миңдеген адам жүрүшкө чыкканда ага бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы катышкан эмес.

Количество просмотров: 60