• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

ТЭЦтин проектисине Осмонбек Артыкбаев жоопту болгон

20 Бирдин айы 2018 16:29 Бишкек Govori.TV
Бишкек.20.02.2018.Govori.TV
Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча проектке 2013-жылы энергетика жана өндүрүш министри болуп турган Осмонбек Артыкбаев жооп берген.
Депутаттык комиссиянын жыйынына мурдагы каржы министри Ольга Лаврова келип, кытайдын Эксимбанкы менен келишим кандай түзүлгөнүн, ким чечим кабыл алганын айтып берди.
Мекемелер аралык комиссияны энергетика жана өндүрүш министри жетектеп, ага Жогорку Кеңеш депутаттары дагы кирген.
Депутаттык комиссия учурдагы депутат Осмонбек Артыкбаевди жыйынга чакырган, бирок ал АКШда иш сапарында болгондуктан келген жок.
Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги авария боюнча өкмөттү такалаган жыйында Осмонбек Артыкбаев акыркы жети жылдагы энергетикадагы ийгиликтерди санап, бир карын майды бир кумалак чиритет деп, өкмөттүн дарегине сын айткан эмес.
Количество просмотров: 5