• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Техас мектебиндеги куралдуу кол салуудан өлгөндөрдүн саны 21ге жетти

25 Бугу 2022 16:12 Бишкек Govori.TV

АКШнын Техас штатындагы Ювалд шаарында жайгашкан башталгыч мектептердин биринде 24-майдагы куралдуу кол салууда кеминде 19 окуучу менен эки киши мерт болду. Бул тууралуу Associated Press кабарлады.

Буга чейин 14 окуучу жана бир мугалим набыт болгону кабарланган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кол салууга шектүүнү полиция атып өлтүрдү. Ал Ювалд шаарынын жашоочусу – Сальвадор Рамос. Анын мындай кадамга барганынын себеби азырынча белгисиз. Шаардын көпчүлүк жашоочулары испан тектүү. Окуучулардын басымдуу бөлүгү аз камсыз үй-бүлөлөрдөн.

Техас штатынын губернатору Грег Эбботтун айтымында, шектүү мектеп кампусуна автоунаа менен келип, имаратка винтовка менен кирген. Айрым басылмалар кылмышка шектүү мектепке барып ок чыгарардын алдында өзүнүн чоң апасын атканын жазышты.

Буга чейин кол салуудан жабыркаган ондогон киши ооруканада экени кабарланган. Алардын арасында эки баланын абалы оор болгон.

2012-жылы Коннектикут штатындагы Сэнди-Хук мектебиндеги ок атуудан 20 окуучу жана мектептин алты кызматкери өлгөн. Ювалддагы трагедия андан берки эле эң кандуу окуя болуп калды.

Количество просмотров: 96