• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Телефондун жардамы менен балдарды кантип тапса болот?

26 Чын куран 2023 18:01 Бишкек Govori.TV

«Балдар кайда?» — О! Мобилдик операторунун баланын жүргөн жерин ата-эненин телефонунан көрсөтүп турган ыңгайлуу мобилдик кызматы. Ал сиздин балаңыздын мектептен келгени, бий ийримине же шахмат боюнча секцияга барганы тууралуу суроолоруңузга жооп берет. Эгер өзүңүздүн ата-энеңизден тынчсыздана турган болсоңуз, аларды да камкордукка алынгандардын тизмесине кошуп койсоңуз болот. Текшерилип тургандардын тизмесине дароо бир нече үй-бүлө мүчөсүн кошуп коюу мүмкүн.

Кантип баштайт?

Кызматты *7898# «чалуу» буйрутмасы менен колдоно баштаса болот. Буйрутманы терген соң, сервистик менюдагы көрсөтмөлөрдү аткарыңыз. Белгиленген күндө жана убакта балаңыз кайда экенин билиш үчүн автоиздөө графигин ырастап коюңуз.

Баланын жүргөн жерин аныктоо үчүн аны кантип кошуу керек?

Менюдан «Менин балдарым» пунктун тандап, балаңыздын телефонунун номерин киргизиңиз. Ага 7898 номеринен жүргөн жерин билип турууга уруксат сурамы менен SMS келет. Балаңыздан SMS менен келген текстти киргизүү аркылуу, ага жооп берүүсү талап кылынат.

Эми балаңыздын жүргөн жерин аныктай аласыз.

*7898*1# буйрутмасы балаңыз кайда экенин дароо билдирет.

Камкордугуңуздагы жакыныңыздын телефонуна *7898*1# буйрутмасын ыкчам терүүгө кошуп коюңуз. Шашылыш абал келип чыга турган болсо, саналуу секунддун ичинде баскычты басса, «Балдар кайда?» кызматы кошулган ата-энелер дароо баланын жүргөн дареги көрсөтүлгөн билдирүүнү алышат.

Бала кандай телефон колдонууга тийиш?

Жүргөн жерин аныктай билиш үчүн балаңызда О! Мобилдик операторунун SIM-картасы салынган эң жөнөкөй мобилдик телефондун болушу жетиштүү.

«Балдар кайда» сервисинин баасы канча?

Кызматты биринчи кошууда 10 күн акысыз көрсөтүлөт, андан ары абоненттик төлөм суткасына болгону 3 сомду түзүп, мунун алкагында күнүнө 10 акысыз сурамга чейин жөнөтүү мүмкүнчүлүгү берилет. Координаттар менен картаны көрүп чыгууда интернет-трафик тарифтелбейт. Кызмат Кыргызстандын бүтүндөй аймагында О! түйүнү иштеген зонанын ичинде жеткиликтүү. Толук маалымат бул жерде.

О! Мобилдик операторунун «Балдар кайда» сервиси менен балдарыңыздан кам санабаңыз!

КР МБТМК караштуу МБА лицензиялары: «НУР Телеком» ЖЧК №16-0062-КР, №16-0063-КР.

Материал жарнамалык негизде жарыяланды.

Количество просмотров: 46