«Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун ачкачылык кармаганына 25 күндөн ашты.
Ал 15-ноябрдан бери СИЗО-1 абагында кармалууда. СИЗО-1 абагынын жетекчилиги ага ачкачылык ден соолукка зыян экендиги жана акциянын мыйзамсыздыгы тууралуу эскерткен, бирок Т. Султанбеков ага реакция кылбагандыгы айтылат.
Ал эми 7-декабрда саясатчы сунуш кылынган медициналык жардамдан баш тарткандыгын жазуу түрүндө билдирген. Бирок буга карабастан, СИЗО-1дин дарыгерлери анын ден соолугуна көз салып турушат.
Темирлан Султанбеков суу, ширелерди жана дандуу суусундуктарды ичип жаткандыгын Жазаларды аткаруу кызматы билдирди.
Эске салсак, «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын өкүлдөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 13-14-ноябрь күндөрү шайлоодо добуш сатып алууга шектелип калмалган.