• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Темирлан Султанбековдун атасы бийликке кайрылуу жолдоду

16 Жетинин айы 202416:28 Бишкек Govori.TV

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун атасы Медетбек Султанбеков уулунун камалышы тууралуу элге жана бийликке видео кайрылуу жолдоду.

“Мен уулум менен сыймыктанам жана аны чынчыл, акыйкат болуу, кыргыз элине кызмат кылуу деген сапаттарга ээ кылып тарбиялаганымды ишенимдүү айта алам. Ушул күндөрү Темирланга жасалган мыйзамсыз аракеттерге үн катпай, реакция кылбай келдим. Кечээки сотто ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлеринин аракеттеринен кийин ата катары менин уулумдун коопсуздугуна тынчсыздана баштадым. Бүгүнтөн тартып Темирландын саламаттыгы жана өмүрү үчүн жоопкерчиликти жеке президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жүктөйм”,-деди Султанбеков.

Бишкектеги Свердлов райондук сотунун чечими менен 15-ноябрда Темирлан Султанбеков жана партиянын Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкина жана партиянын тарапташы Роза Түрксевер эки айга камалды.

Количество просмотров: 405