Өткөн жылды О! мобилдик оператору жемиштүү аяктады. Техникалык адистер Кыргызстанда тоо лыжа сезону кызуу жүрүп жатканын эске алуу менен тармактын сапатын жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүштү. Ушундан улам көптөгөн саякатчылар жана эс алуучулар О! тармагын колдонуу боюнча оң тажрыйбага ээ болушкан.
«Манас» аэропортунун имаратынын ичинде, Ысык-Көл облусунун Жыргалаң курорттук зонасында, Чүй облусунун «Ак-Таш», «Кашка-Суу», «Оруу-Сай» тоо лыжа базаларынын аймагында, «Саз-Булак» капчыгайында, Бишкек-Ош автожолунун Чычкан капчыгайындагы тилкеде байланыштын сапаты жакшыртылды. Ири өнөр жай объектилеринин аймагында: Нарын облусунун Кыргыз-Алтын карьеринде, Жалал-Абад облусунун Бозымчак кенинде маалыматтарды берүүнүн сапаты жакшыртылды.
Мындан тышкары, ири шаарларда гана эмес, өлкөнүн алыскы айылдарында да «санариптик теңчилик» принциби боюнча жабдууларды масштабдуу модернизациялоо жүргүзүлдү:
Чүй облусу: Бишкек, Кара-Балта, Кемин шаарларында, «Ак-Бата», «Акыл-Ордо» конуштарында, ошондой эле Новониколаевка, Лебединовка, Кегети, Военно-Антоновка, Алга, Жайыл, Ново-Павловка, Беш-Күңгөй, Арашан, Чапаев ат., Акматбек, Ак-Кашат, Кароол-Дөбө, Предтеченка, Аң-Арык, Ровное, Төш-Булак, Көш-Дөбө, Большевик, Таштак, Телек, Первомайское, Жаңы-Пахта, Ак-Жол, Сокулук, Төмөнкү Нооруз, Ак-Кудук, Эпкин, Сары-Жон, Монолдор, Сосновка, Тар-Суу, Кызыл-Байрак, Кум-Арык, Сын-Таш, Кызыл-Арык, Байгелди, Дача СУ айылдарында, Борду шаар тибиндеги кыштагында;
Ысык-Көл облусу: Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларында, Ичке-Булуң, Рыбпункт, Покровская Пристань, Бостери, Көк-Дөбө, Тамчы, Корумду, Кош-Көл, Бар-Булак, Кара-Шаар, Кутургу, Үч-Кайнар, Отуз-Уул айылдарында, Орто-Токой шаар тибиндеги кыштагында;
Нарын облусу: Нарын шаарында жана Куланак, Терек, Кочкор, Байгөнчөк, Большевик, Жаңы-Күч, Телек, Семиз-Бел, Өзгөрүш, Сары-Булак, Орто-Нура, Баш-Кайыңды, Жумгал, Көк-Ой, Шоро, Чекилдек, Кызыл-Жылдыз, Ат-Башы, Ак-Жар, Таш-Булак, Жылан-Арык, Ак-Моюн, Бирдик, Куйручук, Кара-Суу, Ара-Көл, Учкун, Эмгекчил, Көк-Жар, Миң-Булак айылдарында;
О! мобилдик оператору калктын 99,8%дан ашыгы жашаган камтуу аймагында Кыргызстанда 4G/3G/2G тармактары менен камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча өзүнүн лидерлигин сактоону улантып келет.