• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ТМУнун 11-саммитинин жыйынтыгы боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды (тизме)

6 Жетинин айы 202416:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-ноябрда, Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Мамлекет башчыларынын Кеңешинин 11-жыйыны болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча Уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери тарабынан төмөнкү документтер кабыл алынды:

  1. Түрк мамлекеттер уюмунун 11-Саммитинин Бишкек декларациясы;
  2. Туруктуу келечек үчүн биримдик Түрк жашыл көз карашын кабыл алуу чечими;
  3. 2025-жылы Бишкек шаарын Түрк мамлекеттер уюмунун Санариптик борбору деп жарыялоо жөнүндө чечим;
  4. Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбанды сыйлоо чечими;
  5. Түрк дүйнөсүнүн Уставын кабыл алуу чечими;
  6. Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басарларын дайындоо жөнүндө чечим;
  7. Түрк мамлекеттер уюмунун Туруктуу өкүлдөрү жөнүндө Жобону кабыл алуу жөнүндө чечим;
  8. Түрк мамлекеттер уюмунун желегин кабыл алуу жөнүндө чечим.

Ошону менен бирге Түрк мамлекеттер уюмунун Мамлекет башчыларынын саммитинин алкагында төмөнкү документтерге кол коюлду:

  1. ТМУнун Жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө макулдашуу;
  2. Санариптик экономика боюнча өнөктөштүк келишими;
  3. Жашыл каржы боюнча Түрк кеңешин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
  4. Түрк борбордук (улуттук) банктарынын кеңешин түзүү жөнүндө меморандум;
  5. ТМУнун Жерди байкоочу технологиялык спутнигин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
  6. ТМУнун Чоң түрк тил моделин иштеп чыгуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
Количество просмотров: 276